• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коргоо министрлиги аба-десанттык машыгуу боюнча окуу жыйындарын өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-февралынан 18-февралына чейин 52806 аскер бөлүгүнүн базасында КР Куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамдары менен аба-десанттык даярдык боюнча жыйындар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сабактардын жүрүшүндө аскер кызматчылар парашютчу-инструкторлордун жетекчилиги алдында көптөгөн окуу суроолорун иштеп чыгышат, анын ичинде парашюттарды жыйноо көндүмдөрүн бекемдөө, түрдүү метеорологиялык шарттарда Ан-26 транспорттук учактарынан жана Ми-8 МТВ тик учактарынан десант түшүрүү өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү болот.

Жыйындын жетекчиси Мирбек Ожураев белгилегендей, бул иш-чаралардын негизги максаты тик учактардын конууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда чектелген аянтка десант түшүрүү көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.

Жыйындын жыйынтыгында, катышуучулар эки зачет тапшырышат - теориялык жана практикалык, андан соң жыйындардын аяктоочу этабына өтүп, ар кандай бийиктиктен парашют менен секирүүгө уруксат алышат.

Пикир

Оставить комментарий