• 87
  • 90.43
  • 0.88

КРда бир жуманын ичинде 20 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Коом 0

Бишкек, 27.08.18./Кабар/. Республика боюнча бир жуманын ичинде 20 миңден ашуун жол кыймылынын эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17синен 23-августка чейин Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 20 миң 231 жол кыймылынын коопсуздугу тармагындагы бузууну аныкташкан.

Анын ичинен:

1 миң 599 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан;

1 миң 965 айдоочу унаасын жарык берүүчү шаймандары иштебеген абалда айдаган;

589 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен;

Коопсуздук курун тагынбай унаасын башкарып бараткан 5 миң 133 айдоочуга айып пул салынган;

Мас абалында 212 айдоочу кармалган;

Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3 миң 193 айдоочуга айып пул салынган;

Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкарып бара жаткан 68 айдоочу кармалган;

2 миң 981 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаасын башкарган;

Андан сырткары 811 унаа каражаты атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий