• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Министр Жаныбеков "Айыл чарба кооперативдерин, үрөндүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө" токтому тууралуу

Коом 0


Бишкек, 20.01.22. /кабар/. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков "Айыл чарба кооперативдерин, үрөндүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө" министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомуна карата маалымдама берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон документке ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Айыл чарба министрлиги менен биргеликте төмөнкүлөрдү аткаруусу тапшырылган:

- айыл чарба продукциясын айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын бирдиктүү массивде өндүрүүсү жана сатуусу үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун пайдаланууга рентабелдүү жерлеринин 75 пайызын тактоо жана аныктоо боюнча тийиштүү жумушчу комиссия түзүүсү;
- жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасы боюнча Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун пайдаланууга рентабелдүү жерлеринин 75 пайызын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берүүсү.

Азыркы учурда КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-декабрындагы № 400 “Кыргыз Республикасынын жер фондунун абалы жана пайдаланылышы жөнүндө мамлекеттик (улуттук) отчетту бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2020-жылдын 1-январына карата” айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 276 миң 599 гектарды түзөт.

Аны менен катар белгилей кетсек, бул токтом менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо жөнүндө” токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү да каралган. Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтомуна ылайык, көзөмөлдөө, мониторинг жүргүзүү, башкаруу жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин 75%ын айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүккө берүү функцияларын жүзөгө ашыруучу бирдиктүү ыйгарым укуктуу органды аныктоо бөлүгүндө жана асыл-тукум чарбалары, эксперименталдык асыл-тукум жана тажрыйба чарбалары.

Пикир

Оставить комментарий