КРда жыл башынан бери күйүүчү жана майлоочу майдын баасы арзандагандыгы байкалууда

Экономика 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 2019-жылдын 3 айынын жыйынтыгы менен күйүүчү майдын чекене баасы жыл башына салыштырмалуу төмөндөгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынан кабарлашты.

Атап айтканда, 1-январдан 1-апрелге чейин бензин орто эсеп менен өлкө боюнча 2,2 сомго же 5,1%га, ал эми дизелдик күйүүчү май 1,3 сомго же 2,8%га арзандаган.

Ассоциациянын маалыматына ылайык, байкоолорго жараша, апрель айынын экинчи жарымында дизелдик күйүүчү майдын баасы 1-1,5%га жогорулашы мүмкүн.

“Россиянын мунай рынокторунда күйүүчү майдын кое берген баалары жогорулай баштаган. Ага мезгилдик жазгы талаа иштеринин башталышы себеп болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий