КР элчиси Түркиянын Аксарай шаарында мекендештер менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Кечээ, 1-сентябрда Кырргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Аксарай шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын аталган провинциясында жашаган кыргыз жарандары менен жолугушту.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Аксарай провинциясынын Миграция кызматынын башкармалыгынын директору Мехмет Сервет Йелкен дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Өмүралиев кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, аталган тармакта иш алып баруу элчиликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Андан ары жолугушуу «суроо-жооп» форматында өтүп, жарандар тарабынан көтөрүлгөн бир катар маселелер миграция кызматынын башчысы Мехмет Йелкен менен биргеликте жеринде чечилди.

Пикир

Оставить комментарий