• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандын Президенти элдик курултай түзүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 3-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук кеңешинин 5-жыйынында элдик курултай түзүүнү сунуштады.

Ал белгилегендей, партиялык тизме менен шайланган депутаттар парламенттин жыйындарында партиялык маселелерди талкуулоого көп убакыт бөлүшөт. Кайсы бир партиянын депутатынын кылмыш иши же президент тууралуу жалган маалыматтарды бир нече саат талкуулашат.

“Менимче, КР Конституциясынын “Элдик курултайлар жөнүндө” 51-беренесин ишке киргизүү убактысы келди. Эгерде буга айыл өкмөт башчыларын, шаар мэрлерин, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрүн кошсок, анда биз чындыгында элдик курултай түзө алабыз. Ал жылына 1-2 жолу чогула алат, бирок анын чечимдери парламент да, өкмөт да, президент да кароого тийиш болот. Алар кимге кайрылгандыгына байланыштуу каралат. Мына ошондо биз аймактардын өкүлдөрүнүн үнүн жакшы уга алабыз”, - деп белгиледи А.Атамбаев

Пикир

Оставить комментарий