• 87
  • 90.41
  • 0.84

КРнын ЕККУдагы ѳкүлү Бакыт Джусупов ЕККУнун адамдык ченем боюнча кезектеги кеңешмесине катышты

Саясат 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Үстүбүздѳгү жылдын 16-17-сентябрында Варшава шаарында Кыргыз Республикасынын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы (ЕККУ) Туруктуу ѳкүлү Бакыт Джусупов ЕККУнун адамдык ченем боюнча кезектеги кеңешмесине катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Б. Джусупов жыйындын ачылышында катышып, кеңешменин катышуучуларына Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу жана ѳнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан чара көрүүлөрү жөнүндө маалымат берди.

"Туруктуу өкүл Кыргыз Республикасында парламенттик башкаруу процесстеринин, демократиялык инфратүзүмүнүн, улуттук мыйзамды эл аралык укуктук нормаларга ылайык калыбына келтирүү, ошондой эле укук коргоо жана сот системаларын мындан ары да реформалоосунун динамикалуу ѳнүгүп жаткандыгын баса белгиледи. Адам укуктары жаатындагы эл аралык кызматташуу мамлекеттин тарыхый, маданий жана диний ѳзгѳчѳлүктѳрүн урматтоо менен улуттук жана регионалдык ѳнүгүүнүн айырмачылыктарын эске алуунун зарылчылыгы баса белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 17-сентябра Джусупов ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктарын коргоо боюнча Бюросунун директору (БДИПЧ) Ингибьёрг Гисладоттир менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндѳ Бюронун көмөк көрсөтүүсү жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү үчүн ыраазычылык билдирилди. Тараптар Кыргызстанда тийиштүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен пландарды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий