• 87
  • 90.41
  • 0.84

КРнын эл артисти Валентина Гилка акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 20- декабрда, Кыргыз Республикасынын эл артисти Валентина Гилка акыркы сапарга узатылды.

Коштошуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Анда Валентина Григорьевнанын чыгармачылыгы, эмгек жолу жана адамдык парасаты эскерилип, басып өткөн жолу кийинки муунга үлгү катары калаары айтылды.

Валентикна Гилка Григорьевна 1941-жылы 23-ноябрда Украина ССРинин Донецк шаарында туулган.

Ал 1975-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында эмгектенип келген. Көрүнүктүү актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин режиссер жана продюсер катары чыгармачылык ишмердүүлүгүн уланткан.

Белгилүү актриса көптөгөн ролдорду, образдарды жараткан. Алардын ар бири көрүүчүлөрдүн жана кесиптештеринин эсинде чеберчиликтин, театрга, өз кесибине болгон сүйүүнүн үлгүсү катары түбөлүккө сакталат.

Чыгаан актриса мене коштошуу зыйнатына туугандары, кесиптештери жана кеңири коомчулук катышып, өзү өмүрүнүн акырына чейин эмгектенип кеткен Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынан ардак кароол менен узатылды.

Пикир

Оставить комментарий