• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кечээ, 19-декабрда Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Афганистан боюнча 17-кезексиз сессиясынын алкагында, КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Сауд Аравия падышалыгынын Ислам Кызматташтык Уюмуна туруктуу өкүлү – доктор Салех Хамад Алсухайбани менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Афганистандагы учурдагы кырдаалды, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев кыргыз-сауд мамилесин активдештирүү зарылдыгын, атап айтканда, эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүүнүн, кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комитеттин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн, ошондой эле 2022-жылы иш сапарларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алкагында, министрдин орун басары А.Артыкбаев Сауд Аравия падышалыгынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий