• 87
  • 90.41
  • 0.84

КРнын футбол курама командасы Азия-2019 кубогунун тандоо оюнунда Макаону 1:0 эсебинде жеңди

Спорт 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы кечээ Азия-2019 кубогунун тандоо оюнунда Макаонун командасын 1:0 эсебинде жеңди.

Кечээ саат 19:30 да Д.Өмүрзаков атындагы спорттук майданда футбол боюнча КР менен Макаонун улуттук курама командаларынын ортосунда Азия-2019 чемпионатына тандоо раундунун алкагында футболдук беттеш болду.

Биринчи таймда Валерий Кичин жана Эдгар Бернхард жакшы ойношкону менен эсеп ачылган жок.

Экинчи таймдын 70-мүнөтүндө КРнын курамасынын капитаны Азамат Байматов атаандаштардын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты.

Жыйынтыгында 1:0 эсеби Кыргызстандын пайдасына болуп, ал турнирдик таблицада 3 балл ала алды. Ошондой эле, Азамат Байматов Макаого каршы беттеште мыкты оюнчу аталды.

Мындан тышкары, ошол эле күнү А тобунун квалификациялык башка оюнунда Индия 1:0 эсебинде Мьянманы жеңди. Ошентип, биринчи турдан кийин Кыргызстан менен Индия курама командалары турнирдик таблицанын башынан орун алды.

Кыргызстан курамасынын кийинки беттеши 13-июнда Индияда талаа ээлери менен өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий