• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КРнын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 8 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 6 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1210 адамды(1056 - чоң адамдар, 154 - балдар) кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары, тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2 Жарлыгы 629 адамды (477 - чоң адамдар, 152 - балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий