• 87
  • 90.41
  • 0.84

Социал-демократтар партиясы добуш сатып алууга шектелүүдө

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты добуш сатып алууга шектелүүдө.

Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, бүгүн кыргыз сегментинин социалдык тармактарында Социал-демократтар партиясынын И.К. аттуу штаб башчысы Д.Ч. аттуу адам менен сүйлөшүп жаткан аудиожазуусу пайда болгон. Анда алар үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуштарын сатып алууну талкуулашкан.

Аталган факты боюнча Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен кылмыш иши козголду.

Учурда, кылмыш иши боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий