• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

КТРКга башкы директордун милдетин аткаруучу дайындалды

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Коомдук телерадио көрсөтүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу кылып Жылдыз Бакашованы шайлады.

Буга чейин ал Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору болуп келген.

Ошондой эле "Ала-Тоо 24" каналынын жаңылыктар кызматынын башкы редакторунун милдетин аткаруучу болуп Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин журналистика факультетинин деканынын орун басары, улук окутуучусу Чынара Капарова дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий