• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Куала-Лумпурдун борбордук көчөсүндө Кыргызстан тууралуу видеоролик көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Жыл сайын 11-декабрда белгиленүүчү Эл аралык Тоо күнүн белгилөөнүн алкагында Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги Куала-Лумпурдун эң көп жүргөн борбордук көчөлөрүнүн биринде тематикалык видеотасма көрсөтүүнү уюштурду.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бир жуманын ичинде Куала-Лумпурдун тургундары жана коноктору БУУнун алкагында жана башка эл аралык платформаларда тоо-кен тармагынын күн тартибин илгерилетүү боюнча Кыргызстандын алдыңкы позициясын көрсөткөн видеотасманы көрө алышат.

Видеону жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы кеңири кампаниясынын алкагында климаттын өзгөрүшү шартында тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүү көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий