• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кубакы ашуусу селдин кесепетинен түшкөн таштардан тазаланды - Транспорт министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 02.08.20. /Кабар/. Кубакы ашуусу селдин кесепетинен түшкөн таштардан тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен тоо беттеринен сел жүрүп, чоң таштар жолго түшкөн.

Аталган унаа жолдун Кубакы ашуусунун алты тилкесинде жолчулар тарабынан жол таштардан тазаланды. Тазалоо иштери 1-август түнү башталып, бүгүн уланган.

Автожолдун 258-километри толугу менен тазаланды, ал жактан 600 куб чоң таштар жана шагыл ташылып чыкты, ал эми жолдун 265-километринен 1500 куб таш жана шагыл чыгарылган.

Жолду тазалоого №955 ДЭУ жолчулары тартылып, атайын техника менен иш жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий