• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенде Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Баткенде Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күнү баштарына ак калпак кийип, колдоруна туу көтөргөн жаштар шаар көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, шаардын борбордук аянтына келишти. Бул күндүн урматына уюшулган салтанат шаардын борбордук аянтында өкүл Алишер Абдрахманов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жаштар жана шаар тургундарынын катышуусунда өттү.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө “өлкөбүздүн көз карандысыздыгын айгинелеген туубуздун маани-маңызы терең. Ал бизге дем-күч берет жана атамекенди сүйүүгө, коргоого үндөгөн улуу касиетке ээ. Ал эми ак калпак байыртан эле кыргыз мырзаларынын улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Калпак кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ар дайым башыбыздан ак калпагыбыз түшпөй, жакшылыктарда желегибиз желбиреп, эгемен өлкөбүз, анын ичинде Баткен аймагыбыз өнүгүп-өссүн” деген каалоо тилегин билдирди.

Майрамдык салтанат жергиликтүү таланттардын катышуусунда концерттик программа менен уланды.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 5-март күнү Ак калпак күнү катары белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий