Кубанычбек Өмүралиев: Элчиликтин негизги максаты – өз жарандарынын укугун коргоо

Саясат 0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Телерадиокомпаниясынын (ТРТ) расмий сайтынын кыргыз бөлүмүнө маек берип, элчилик кызматта жасап жаткан иштери тууралуу айтып берген.

Элчи Өмүралиевдин айтуусуна караганда, быйыл IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса жана Изник шаарларында өткөрүлөт. Азырынча так күнү айтыла элек.

“Түркия тарап оюндарды өткөрүүдө Кыргызстандын тажрыйбасы көп, бизге жардам бересиңер деп башынан тарта эле айтып келет. Менин билишимче мурда Көчмөндөр оюндарына катышкандар учурда бул жак менен түздөн-түз иштеп, аракет кылып жатышат. Боз үйлөр сатылып келүүдө”, - дейт кыргыз элчиси.

Өмүралиев ошондой эле Түркиянын Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов сейил багында залкар жазуучунун эстелиги тургузулгандыгын эске салды. Эстелик Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен Анкара шаарынын Кечиөрен районун мэриясы тарабынан жасалып, орнотулган.

Эчиликтин негизги максаты жана ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири – бул кыргыз жарандарынын жана ишкер адамдарынын укугун коргоо. Бул багытта былтыркы жылдан бери бир топ жумуштар жасалды деген элчи, алардын айрымдарына токтолду.

“Биз башка шаарларга барып жарандар менен ар дайым жолугуп жатабыз. Элчиликте, Стамбулдагы Башкы консулдукта жарандарды кабыл алууну көзөмөлгө алдык. Бул майда нерсе эмес. Видео көзөмөлдү да орноттук. Виза төлөмүн кыргыз жарандары үчүн 30 долларга чейин төмөндөтүүгө жетиштик. Түркия акысыз дарыланууга кыргызстандыктар үчүн квотанын санын 150гө чейин көбөйттү”, - деп баса белгиледи Кубанычбек Өмүралиев.

Анын айтуусуна караганда, акыркы жарым жылда КРнын Түркиядагы элчилиги өзүнүн расмий сайтынын ишин жандантып, мигранттарга соцтармактар аркылуу акыркы маалыматтарды жеткирүүнү колго алган.

“Жарандарга керектүү маалыматтарды кыргыз жана орус тилдеринде Интернетке жарыялап жатабыз. Түрк тарабына керек болгон маалыматтарды болсо, түрк тилинде берип жатабыз. Учурда биздин сайт төрт тилде иштеп жатат. Мисалга, Түркияда акысыз билим алуу жолдору сыяктуу керектүү жана пайда маалыматтар бар”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий