Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Кыргызстан 2022-2023-жылкы кыш мезгилине Токтогул ГЭСинин төрт гидроагрегаты менен кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын сыноо ийгиликтүү аяктап, номиналдык кубаттуулугу 360 МВт болгон топтому менен 15 күн сыноодон өттү.
Агрегаттын ачылыш аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев катышып, ишке киргизүү үчүн “Старт” баскычын басып, ишке кирген агрегат бери жагы 30 жыл колдонуларын билдирди.
“Элди сапаттуу электр энергия менен камсыз кылуу, кыштан үшүтпөй алып чыгуу энергетиктердин түздөн-түз милдети. Бүгүн биз кышка төрт гидроагрегат менен кирип жатабыз. Биз бул агрегатты 30 жылдан кем эмес иштетебиз жана реконструкцияга чейин 1200 МВт кубаттуулук берсе, жаңылангандан кийин 60 МВт кубаттуулук кошулду. Ал эми төртүнчү гидроагрегаттын кубаттуулугу 360 МВт түзөт”, - деди ал.
Мындан тышкары, министр эгерде төрт агрегат тең жаңыланып ишке киргизилсе 240 МВт кубаттуулук кошуларын жана анда бул бир жаңы ГЭС курулганга барабар болорун кошумчалады.
Пикир
Оставить комментарий