Кулматов камакка алынды - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов камалды,-деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, тергөө аягына чейин КР УКМКнын тергөө камак жайына кармоо чечими кабыл алынган.

"2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэри К.Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган",-деп айтылат маалыматта.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий