• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Айыпталуучулардан сурак алуу уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.20 /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум уланды.

Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучулардан сурак алуу уланууда. Бүгүн 4 адамдан сурак алынган, эми Кулматов сурак бере баштайт. Андан тышкары, бир күбө сурак берген.

Кийинки отурум 27-майда өтөт.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К. Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн 884 миң сомго бааланган.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.

Пикир

Оставить комментарий