• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектен кыз ала качты делген жигиттин унаасы токтотулуп, айып аянтчасына киргизилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.05.23./Кабар/. Бишкектен кыз ала качты делген жигиттин унаасы токтотулуп, айып аянтчасына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-майда саат 00:03 чамаларында Бишкек шаарынан 25 жаштагы Н.уулу А. "Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү унаасы менен 23 жаштагы К.А. аттуу кызды ала качып кеткен деген маалымат түшкөн.

Анын негизинде саат 00:20 чамаларында Ысык-Ата райондук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, Бишкек шаарынын Ленинин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп берген.

Унаа айып аянтчасына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий