Кулубаев БУУнун башкы катчысынын орун басары менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысынын орун басары - Контртеррористтик башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковду кабыл алды.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун негизги максаты коопсуздук, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, ошондой эле Афганистандагы кырдаалдын Борбор Азиядагы коопсуздукка тийгизген таасири жаатындагы эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кулубаев Кыргызстан БУУнун экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча программаларын колдой турганын ырастап, Кыргызстанда 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруунун алкагында БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруунун оң динамикасын белгиледи.

Ошондой эле тараптар Борбордук Азия мамлекеттери менен БУУнун Контртеррористтик башкармалыгы ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, атап айтканда Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатак зоналарынан жарандарды репатриациялоо жана реинтеграциялоо, террористтердин жер которуусуна каршы туруу, ошондой эле башка трансулуттук кылмыштар мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча БУУ менен КР УКМК ортосунда Террористтердин жүрүүсүнө бөгөт коюу Программасы (CT Travel) боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга, ошондой эле БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясына ылайык Кыргызстанда БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын потенциалдуу демилгелерин ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюлду.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-18-майында БУУнун башкы катчысынын орун басары — Контртеррористтик башкармалыктын башчысы Владимир Воронков Кыргызстанга келди. Визиттин алкагында КР президенти Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору Тимур Шабданбеков, ошондой эле Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев менен жолугушуулар болду.

Пикир

Оставить комментарий