• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Айдарбеков Пакистандын элчиси менен эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Пакистан Ислам Республикасынын КРдагы элчиси Файсал Нияз Тирмизи менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар түзүлгөн кызматташтыктын деңгээли канааттандыраарлык экендигин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы алаканы активдештирүү керек экендигин белгилешкен. Ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты күчөтүү чараларын талкуулашты.

Тараптар CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу жана ШКУнун алкагында кызматташууну да сөз кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий