• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кулубаев Ирандын элчисин дипмиссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харазинин дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн жылуу жана достук мамилелерге канааттангандыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, Кыргызстанда кыргыз-иран өкмөттөр аралык 13-отурумун өткөрүү, өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдар алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда министр Кулубаев, элчи Харазиге Кыргызстан менен Ирандын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы жана жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий