Кулубаев: Кыргызстан ЖККУну тең укуктуу диалог жүргүзүү үчүн маанилүү аянтча катары карайт

Саясат 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана келишим уюмун анын мейкиндигинде коопсуздук жана кызматташтык маселелери боюнча мүчө мамлекеттердин ортосундагы тең укуктуу жана өз ара урматташкан диалог үчүн маанилүү аянтча катары карайт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борч менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берип жатып айтты.

Министр белгилегендей, бүгүн алар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык спектри боюнча абдан маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

"Биз ЕККУнун Мальтанын төрагалыгынын алдында турган күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкууладык. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын мыйзамдуулук, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, сөз эркиндигинин жана тынч чогулуштардын негизги демократиялык принциптерине берилгендиги ырасталды.

Бул контексте биздин өлкөнүн 2023-2025-жылдар аралыгына БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү кылып шайлоонун маанилүүлүгүн белгиледик", - деди Кулубаев.

Министр тараптар Кыргызстандын адам укуктары жаатында сегиз эл аралык келишимдерге кошулуусунун маанилүүлүгү белгилешкенин билдирди. Бул контекстте биз ЕККУнун Бишкектеги Академиясында өткөн жылы башталган "Адам укуктары жана туруктуу өнүгүү" жаңы магистрдик программасын кубаттадык.

Пикир

Оставить комментарий