• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан менен Сингапурдун кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сингапурдун премьер-министринин кеңсесинин министри, экинчи билим берүү жана тышкы иштер министри Мохамад Малики бин Осман менен жолугушту.

Тимден билдиришкендей, жолугушуу Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында орун алды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча кызыгуусун билдиришип, кыргыз-сингапур мамилелерин чыңдоонун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев саясий диалогду сактоонун жана эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, маектешинин көңүлүн кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, банк секторунда, кен байлыктарын иштетүүдө, экологияда, суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууда, билим берүү, транспорт жана логистика тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө бурду.

Өз кезегинде Мохамад Малики бин Осман экономикалык өз ара аракеттенүүнү арттыруунун, ар кандай деңгээлде өз ара карым-катнаштарды сактоонун жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий