Кум үстүндөгү футбол: Кыргызстандын курамасы экинчи беттешинде да утулду

Спорт 0

Бишкек, 09.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча курамасы Азия биринчилигинин алкагындагы экинчи беттешинде да утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеш Таиланддын Паттая шаарында өтүп жатат.

Бүгүн Кыргызстан Ливандын курамасы менен ойноп 2:11 эсебинде утулуп калган.

Ал эми Бириккен Араб Эмирлиги менен болгон биринчи оюнунда биздин курама 6:1 эсебинде жеңилген.

Эми Кыргызстандын курамасы кийинки беттешин Кытайдын командасына каршы өткөрөт. Ал оюн 11-мартта болот.

Пикир

Оставить комментарий