• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

ИИМ: Эл аралык издөөдө жүргөн жаран 90 миң сом карактоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.19. /Кабар/. Ош облусунун тургунунун 90 миң сом акчасын карактап кеткен деп шектелип 37 жаштагы Д.А. аттуу жаран кармалды. Белгилүү болгондой ал эл аралык издөөдө жүргөн.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, ушул жылдын 26-январында Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагындагы кафеден төрт белгисиз адам Өзгөн районунун 33 жаштагы тургунунун 90 миң сом акчасын карактап кеткен.

Жетинчи март күнү ошол карактоого шектелип Д.А. аттуу жаран кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары аныкталган.

Мындан тышкары, ал адам өлтүрүү кылмышына шектелип эл аралык издөөдө жүргөнү такталган.

Белгилүү болгондой, 2017-жылы 30-декабрда Москва шаарында Кыргызстандын 37 жаштагы эки жараны жоголгон. Кийинчерээк алардын жансыз денелери табылган. Ал кылмышка шектүү катары Д.А. издөөгө алынган.

Учурда анын башка кылмыштарды жасап-жасабаганы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий