• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кумтөр кенинде ак лотос гүл ачты

Коом 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Кумтөрдө бийик тоолуу аймактарда өскөн, Кызыл китепке кирген укмуштуудай кооз ак лотос гүлүн ачты.

Компаниядан билдиришкендей, сейрек кездешүүчү гүлдүн өсүү аймагы чектелүү болгондуктан, аны жапайы жаратылышта табуу өтө кыйын.

Азияда лотос гүлү – жаңылануунун, жакшылыктын ыйык символу катары өзгөчө аздектелип келет.

Белгилей кетсек, жакында эле Кумтөрдөгү көлмөлөрдүн бирине ак куулар кайтып келген.

Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн жана канаттуулардын Кумтөр кенинин аймагында кайрадан пайда болушу өндүрүштө экологиялык талаптар жогорку деңгээлде сакталып жаткандыгынын далили боло алат.

Пикир

Оставить комментарий