• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

«Кумтөрдүн» 9 айдагы кирешеси 216,6 миллион долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. «Кумтөрдүн» 2024-жылдын 9 айындагы кирешеси 216,6 миллион долларды түзүп, бул мезгил ичинде компания жогорку натыйжаларга жетишип, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болду деп билдирди «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому.

«Кумтөр» кенинде жыл башынан бери өндүрүлгөн алтындын жалпы көлөмү 7 тонна 960 кг түздү, бул белгиленген пландан 81 кг көп. Компаниянын жалпы кирешеси 579,8 миллион долларды түзүп, пландалган 463,4 миллион доллардан бир кыйла ашты.

Ал эми таза киреше 216.6 миллион долларга жетип, пландалган 87,9 миллион доллардан бир топ жогору болду.

Мында «Кумтөр Голд Компани» мамлекет алдындагы милдеттенмесин так аткарып, салык жана башка төлөмдөр түрүндө бюджетке 10 млрд 37 млн ​​сом төктү. «Кумтөр Голд Компани» экономикабызга зор пайда берүү менен бирге өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө да олуттуу салым кошууда,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Кумтөр кенинен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Тоголок кенин өздөштүрүү жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштери башталды. Ошону менен бирге Кумтөрдөгү жер астынан алтын казуу долбооруна старт берилип, келечекте калдык сактоочу жайдан да алтын өндүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий