• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

“Кумтөрдүн” айланасындагы жерлер изилдениши керек, буга көп каражат керек - Исаков

Экономика 0

Жети-Өгүз, 12.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Кумтөрдүн” айланасындагы 16 миң гектар жер изилдөө үчүн геологиялык чалгындоого берилиши керек. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун жашоочулары менен жолугушууда премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, жакында эле талапкерлердин бири Ысык-Көлгө келип, бул жерлерди кайтарарын айткан.

“Ошол эле учурда 2009-жылы ушул эле адам биринчи вице-премьер-министр болуп турган жана тиешелүү келишимге кол койгон. Тактап айтканда, ушул документ аркылуу “Кумтөр” компаниясына бул 16 миң гектар жер берилген. 2010-жылдагы революциядан кийин ал аларды кайтарарын айткан. Бүгүн “Кумтөрдө” 3,5 миң адам иштейт. Ал эми ишкана 10 жылга жетпеген мезгилге иштейт. Ошондуктан биз бул 16 миң гектар жер маселесин чечишибиз керек. Аларды геологиялык чалгындоо изилдөөсү керек. Анткени 10 жылдан кийин 3,5 миң жаран ишсиз калышат. Бул жерлерди кайтарабыз дегендери мага өкүнүчтүү. Өкмөт биринчи кезекте жумуш орундарын түзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшоого тийиш”, -деди Исаков.

Өкмөт башчы жерди чалгындоого көп акча кетерин, ошондуктан бул иш ушунча жылдан бери жүргүзүлбөй келген.

“Биз, жаңы өкмөт, президенттин тапшырмасына ылайык, “Кумтөрдүн” башкы көйгөйү – экология маселесин чечтик. Биз экологиялык зыянды калыбына келтирүү жылына 310 мин доллардан 3 млн долларга өсүшү каралган келишимге кол койдук. Ошондой эле тазалоо курулуштарына 50 млн доллар бөлүнгөн. Бул курулуштар Ысык-Көл көлүндө курулмакчы”, - деп кошумчалады премьер.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын өкмөтү 2010-жылдын 25-мартындагы токтому менен 16 миң 330 гектар жерди “Кумтор Оперейтинг Компани” ЖАКга берген.

Бул жерлер “Кумтөр” кенине жакын жайгашып, кошумча чалгындоо үчүн берилген. Бул чечим 2009-жылдагы өкмөт менен компаниянын ортосундагы “Centerra Gold Inc” компаниясынын ортосундагы кенди иштетүүдөгү жаңы шарттар жөнүндө келишимге ылайык кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий