• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Азыр эл оор басырыктуу, салабаттуу лидерге муктаж

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Кыргызстандын соңку чейрек кылымдык тарыхында бул жолкудай кырчылдашкан атаандаштык болуп көргөн эмес. Бирок, элибиздин мурдагыдай урунуп-беринбеген сабырдуулугуна баа берсе болот. Эки төңкөрүштү баштан кечирген кыргыз журту туруктуулукту эңсеп турганы сезилет. Ошентсе да “ким жеңет?” деген суроо ар-кимдин көңүлүндө, ооз учунда. “Жаңылбайлы!” деп бири-бирибизге үнсүз эскертип жаткандай туюлат. Чын эле жаңылбайлы!

Эгер күндөлүк баамдоолорубузду ачык айтсак, көп улуттуу кыргыз журту негизги талапкерлердин бири Сооронбай Жээнбековго ыктап калгансыйт. Эмне үчүн дегенде сабырдуу элдин салабаттуу башчысы болгону жакшы. Азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык мээнетин талаага кетирбей, ал баштаган албан иштерди аягына чыгара турган татыктуу талапкердин бири Сооронбай Жээнбеков десек тура болчудай. Ал эгемен жашообуздун өткөөл мезгилинен берки өлкөбүз дүнөйдө-төмөн турмушун, баскан жолун жакшы билет. Эли ынтымактуу, жашоосу туруктуу өлкөнү куру кандай кыйын болорун Сооронбай Жээнбеков башкаларга караганда жакшы түшүнөт. Ал жетекчи кызматтардын бардык тепкичтерин ырааты менен басып өткөн. Ошондуктан, ал план ченемдүү өзгөрүүлөр менен өнүгүүнү жактайт.

Өлкөбүз акыркы 26 жылдан бери кадр маселесиндеги башаламандыктарга күбө болуп келди. Эл ишенген далай чиновниктер менен депутаттардын абийирлери төгүлдү. Ошого карабастан, алардын бир тобу кайрадан эле бийликке жулунуп жатышат. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун дарегине жеп-ичкич жемкор же болбосо бой көтөргөн бюрократ деген бир жаман кеп айтылганын эч ким эшите да албады. Башкасын айтпаганда да, ушул президенттик шайлоо өнөктүгүндө анны эптеп чалып жыксак деген атаандаштары эч бир илинчек табаалышкан жок. Демек, булл талапкер эл ырыскысына кол салбай, ак эмгеги менен жашап келе жатканы анык экен.

Мактаныч, убада ооздун желиндей, айрымдар айтылса унут калчудай сезишет. Бул эки нерсенин чоң жоопкерчилиги бар. Мактансаң – мактанганыңдай бол. Убада берсең – аткар, болбосо унчукпа. Убаданы кабат-кабат берген талапкерлердин көбү азыр сөзүнүн аяк-башын таппай калгандыгына күбө болуп жатабыз. Сооронбай Жээнбеков көңүл жубатыш үчүн көп убаданын бири деп ооз көптүргөн адамдардан эмес. “Болот же болбойт” деген так жооп анын принциби.

Айрымдар мамлекеттик кызмат май талкан, жыргал жашоо деп ойлошот. Күн-түн тынным билбей маселе чечүү, убакыт ченеми жок иштөө суктанарлык деле эмес. Сооронбай Жээнбеков облус губернатору кезинде райондорду кыдырса, министр, премьер-министр болгондо бүт өлкөнү чаркайлана чаалыгууну билбей иштеди. Күжүлдөгөн күжүрмөндүгүнө баарыбыз күбө болдук. Ал эми мамлекеттин тизгинин колго ала турган адам үчүн булл эң башкы сапаттардын бири эмеспи.

Биздин өлкөбүз эки ирет улуттар аралыкчыр-чатакка күбө болду. Алардын соңкусун жайгарууда Сооронбай Жээнбековдун эмгеги зор болгондугу баарыбызга маалым. “Ырысалды – ынтымак” дегендин маанисин бир билсе биздин ушул талапкер билет.

Эгер Сооронбай Жээнбеков жылдызы жанып, шайланып калса кимдер менен иштешет? Командасы барбы? Албетте бар, шайлоого аттанганга чейин ал өкмөттү жетектеп, жетишпей калган иштерин ишенимдүү жаштарга табыштап кеткен. Анын баштаган саамалыктары улантылууда. Алар Сооронбай Жээнбековду сатышпайт. Өзү да саткын эмес. Ал айылдан өсүп-өнгөн тарбия-таалимдүү инсан. Элеттик элдин кулк-мүнөзүн, ой-мүдөөсүн ал көптөргө караганда жакшы билет. Башкача айтканда ал нагыз эл адамы.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 12.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий