• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 18 миң 580 адамды түздү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 06.10.17. /Кабар/. КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ТИМге 37 чет өлкөлүк шайлоо комиссияларына шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларынын толук комплектин берди. Чет өлкөдөгү шайлоочулардын жалпы саны 18 миң 580 адамды түздү. 2015-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда чет жактагы шайлоочулардын саны 15 миң 312 жаран болгон.

МКК дарегине жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн чет өлкөдөгү мекендештерибиздин саны боюнча көптөгөн суроолор түшүүдө. Мисалы, “эмне үчүн чет жактагы шайлоочулардын саны мындай аз? Мигранттардын саны дээрлик миллионго жетет эмеспи. Кантип мындай болуп жатат, ФМК маалыматы боюнча эле Россияда эле 700 миңден ашуун эмеспи?” – деген жана башка.

Буга байланыштуу чет өлкөдө жүргөн жарандын шайлоо тизмесине кантип кирерин түшүндүрөбүз. Алды менен мекендешибиз консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарды тапшыруусу керек. Эгерде жаран биометрикалык маалыматтарын Кыргызстандан тапшырган болсо, анда консулдук каттоого турушу же аны чет өлкөдөгү жарандардын тизмесине кошуу тууралуу форма 2ни жазуусу зарыл. Бул процедураларды аткарган чет өлкөдөгү шайлоочулар 18 миң 580 адамды түздү.

Пикир

Оставить комментарий