• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

С.Жээнбекодун ишенимдүү өкүлү К.Дыйканбаев: Биз мамлекеттин эсебинен бизнес жасабаган талапкерди шайлашыбыз керек!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков башка талапкерлерден биздин Ала-Тообуздун ак мөңгүсүндөй болуп, өзүнчө бөлүнүп турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү өкүлү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев талапкердин Ысык-Көл облусунун Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Ак мөңгү деген - бул тазалык жана бийиктик. Сооронбай Шариповичтин биринчи касиети - бул анын тазалыгы. Канча жылдан бери саясатта жүрөт, бир да жолу ичип-жеп алды, тартып алды, бузуп алды, тоноп алды, уурдап алды, сатып алды деген жаман сөз артынан ээрчиген жок. Байлык менен бийликтин кулу болгон жок, абийирди дайыма бийик тутту. Баскан-турган турмушунда өзүнүн атын булгабай, кайсы кызматта иштебесин элим, мамлекетим деп күйүп турган киши. Анын экинчи касиети - Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев сыяктуу мамлекеттик ишмерлерге мүнөздүү тазалык, элди ойлогондук сапаттарга эгедер экендиги. Өзүнүн программасын айтып атканда дагы бир нерсесин байкадым - бул жөнөкөйлүк, элге жакындыгы, түшүнүктүү кылып элге айтып бергени. Мен ойлойм, ушул жерге келгендердин бардыгы добуш берем деп чын ниети менен келди»,- деп белгиледи экс-депутат.

Анын айтымында, элге таза, ыймандуу, тажрыйбалуу, элиме, мамлекетиме кызмат кылайын деген бийлик керек. «Буга чейин элдин астына бир бизнесмен келип кетти. Чоң-чоң мактанган сөздөрдү сүйлөдү, жалпак тил менен, элге тиешелүү сөз деген болгон жок. Ошондо суроо болду: Ысык-Көлдүн добуштары кайда кетти, эмне үчүн көлдөн депутат жок деген. Биздин мандаттар сатылдыбы, деген суроого жооп бере алган жок. Эгерде чындап Өмүрбек Бабанов мандатты сатпаса, биздин Ысык-Көл элинин добуштарын сатпаса жана балдары менен карганса, мен ага добуш бермекмин. Бирок аны айтаалбайт, анткени 2015-жылдагы шайлоону дагы бизнес кылып, андан пайда көрдү. Бул жолу биз алданбайлы. Түптүн эли бир атанын баласындай алданбай, сатылбай алты жылга болгон келечегибизди сапаттуу кызмат кылган, мамлекетти ойлогон, пайда көрөм деген эмес, мамлекетке пайда алып келейин деген инсанды шайлап алалы. Ал биздин Сооронбай Жээнбеков. Биригелик, бир добуштан Сооронбай Жээнбековго добуш берели. Биздин номер 9!», - деп түптүктөрдү чакырды Курманбек Дыйканбаев.

- Даярдоочу: КУМА “Кабар”
- Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
- КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
- Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 06.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий