• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

“Кумтөрдүн” кызматкерлери Ысык-Көлдүн жээгин жана көлдүн түбүн таштандыдан тазалашты

Аймак 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. “Кумтөрдүн” кызматкерлери Ысык-Көлдүн жээгин жана көлдүн түбүн таштандыдан тазалашты.

"Кумтөр" ишканасынан маалымдашкандай, таштандыларды тазалоо иш-чарасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери да катышты.

Компаниянын президенти Алмазбек Барыктабасов Ысык-Көлдүн флора жана фаунасын сактоо үчүн бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, бул акция “Эко-Сезим” долбоорунун алкагында уюштурулуп жатканын кошумчалады.

“Кезектеги экологиялык акцияны дал ушул ыйык көлүбүздү тазалоого арнаганыбыз да жөн жерден эмес. Анткени Ысык-Көл – жаратылыштын бизге берген баа жеткис белеги. Мындай уникалдуу жерге кам көрүү, келечек муундар үчүн таптаза бойдон сактап калуу - канчалык маанилүү экенин ар бирибиз билишибиз керек. Бул аракетибиз башкаларды да ушундай жакшы иштерге катышууга шыктандырат деп ишенебиз”, – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий