Кумтөрдү улутташтырууга бир дагы бийликтин эрки жеткен эмес – саясат таануучу

Коом 0

Бишкек, 17.05.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кумтөрдү улутташтырууга бир дагы бийликтин эрки жеткен эмес. Бул тууралуу саясат таануучу Замир Айылчиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын пикиринде, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы кендин үзгүлтүксүз иштөөсүнө көз каранды. Мындан улам саясий туруктуулукту бузуп, бийликтин ачык, таза иштеп жатканына жолтоо болуп, элди адаштырууну көздөгөндөрдүн алтындын Кыргызстандан чыгарылып жатканы тууралуу маалыматтары караандай калп.

"Элдин самаганы ишке ашып, кенди өзүбүз башкарып жатканда алтындын өлкөдөн чыгарылып жатканы тууралуу ойдон чыгарылган жалган маалыматтардын таратылышы элди дүрбөтүп, адаштырууга көрүлгөн аргасыз аракет деп эсептейт элем. Мына азыр өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жакшы жыйынтыктарга жетип жатат. Мамлекеттик системада үч жылдан бери президенттин командасы оң натыйжаларды көрсөтүшүүдө. Канчалаган мектептер жана бала бакчалар салынууда. Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтериндеги өзгөрүүлөрдү карагыла. Жолдор оңдолуп, темир жол салынып жатат. Өлкөдөгү саясий абалдыгын туруктуулугу, бийликтин ачык, таза иштеп жатканы мына ушул иштердин аткарылышына жол ачып жатат", - деп кошумчалады Замир Айылчиев.

Пикир

Оставить комментарий