Курман айтка эки күн калды. Майрамды утурлай муфтияттын кеп-кеңештерине кулак салыңыз

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл Курман айт 16-июнда белгиленет. Майрамга бир күн калганда арапа же четтик күнү болот. Курман айт — мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Бул майрам Орозо бүткөндөн кийин жетимишинчи күнгө туш келет. “Кабар” агенттиги Курман айттын маанилүүлүгү жана өзгөчөлүгү тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте маалыматтарды топтоду.

Курман айт майрамынын мааниси жана өзгөчөлүгү.

Курман айт Орозо айттан кийинки мусулмандардын негизги майрамы. «Айт» деген сөз араб тилиндеги «ийд» деген сөздөн алынып, кыргыз тилинде «майрам» деген маанини билдиргени менен, сөзмө-сөз которгондо «кайталануу», «кайта келүү» деген маанилерди да туюндурат. Айт майрамы жыл сайын кайра-кайра келе тургандыгы үчүн ушинтип аталып калган.

Бардык момун мусулмандар үчүн эң ыйык күндөрдүн бири болуп эсептелген Курман айт майрамы боорукерликтин, ыймандуулуктун нак үлгүсү. Анткени мында курмандык чалынып, колунда барлар малдын этин муктаждарга берип, мусулмандардын ортосундагы урмат-сый жана бир туугандык сезимдерин күчөтөт. Курман айт коомчулукка кубаныч тартуулап, бейпилдикти арттырып, ыймандуу, берешен коомдун түптөлүүсүнө зор салым кошот.

Кимдер курмандык чалат? Курмандык – адам баласын сараңдыктан жана мал-жандыкты көбөйтүүнүн артынан сая түшүүдөн куткарат.

Ханафий мазхабы боюнча, төмөнкү шарттарга жооп берген адам үчүн курмандык чалуу милдеттүү (важип) болуп эсептелет:

  • мусулман;
  • акыл-эси соо, балагатка жеткен;
  • сапарда же жолоочу болбогон;
  • Курман айт күндөрү негизги муктаждыктарынан тышкары курмандык чалуу мүмкүнчүлүгүнө же болбосо нисаб өлчөмүндөгү байлыкка ээ, бай адам.

Курмандык чалууда мал-жандык мууздалат. Союлбаган малдын өзүн же анын акчасын садага кылуу менен курмандык ибадаты орундалган болбойт.

Кандай мал курмандыкка чалынат? Майда мал (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Ал эми уй, төө, топоз сыяктуу ири малдарды жети адам биригип курмандыкка чалышат. Бирок алардын баары курмандык чалуу үчүн ниет кылуусу шарт. Эгерде, арасынан бирөөсү эле курмандык чалуу эмес, эт кылуу максатында кошулган болсо, анда калгандарынын да чалган курмандыгы жараксыз болуп калат.

Ал эми жылкы, короз, тоок, коён, каз-өрдөк жана үндүк курмандыкка жарабайт. Ошондой эле арык, көр, чолок, куйругунун же кулагынын жарымынан көбү кесилген жандыктар да курмандыкка туура келбейт.

Курмандыкка эркек-ургаачы төө, бука, уй, эркек-ургаачы буйвол, кочкор, соолук кой, теке, эчки сойсо болот. Бул аталып кеткен малдан бөлөк эч кандай малдын түрү курмандыкка жарабайт.

Курмандыкка союлган малдын этин толук өзүнө калтырууга да же бардыгын таратып жиберүүгө да болот, бирок этти үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн муктаждарга жана үчүнчү бөлүгүн конок чакырып аларга бышырып берүү мустахаб болуп эсептелет. Этти мусулмандарга жана мусулман эместерге да берүүгө болот. Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт.

Курмандыкка союла турган малдын жашы. Төөнүн жашы беш жаштан, бука, уйдун, буйволдун жашы эки жаштан, кочкордун, соолук койдун, теке, эчкинин жашы бир жаштан кем болбоого тийиш. Бирок алты айлык козунун көрүнүшү чоң болуп, бир жаштан кем эмес көрүнсө, анда курмандыкка жарайт. Бул козуга гана тиешелүү.

Төмөндө курмандыкка чалынуучу малдын курмандык кылууга жарай турган жана жарабай турган айыптары көрсөтүлөт:

1. Эгерде курмандыкка чалына турган мал толук сокур же бир көзү сокур болсо, көздөрүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү көрбөсө, анда ал мал курмандыкка жарабайт. Көзү чалыр мал курмандыкка жарайт.

2. Курмандыкка чалына турган малдын мүйүздөрү түбүнөн омкорулуп алынган болсо, курмандыкка жарабайт, бирок, мүйүздөрү жарымынан сынган же тубаса токол мал болсо, курмандыкка жарайт.

3. Курмандыкка чалына турган малдын тиштеринин көбү же таптакыр жок болсо, андай мал курмандыкка жарабайт.

4. Курмандыкка чалына турган малдын мурдунун же куйругунун үчтөн бир бөлүгү кесилген болсо, андай мал курмандыкка жарабайт, бирок үчтөн бир бөлүгүнөн азыраагы кесилсе жарайт.

5. Курмандыкка чалына турган малдын тили чөп чайнай албай турган деңгээлде кесилген болсо, анда мындай мал да курмандыкка жарабайт.

6. Курмандыкка чалына турган малдын кулагы тубаса жок болсо, же үчтөн бир же андан көбүрөөк бөлүгү кесилген болсо, кулагы узунунан же түбүнөн айрылып салаңдап турса, анда мындай мал да курмандыкка жарабайт. Бирок кулагы тубаса кичинекей болсо, анда жарайт.

7. Курмандыкка чалына турган мал чолок болуп, үч буттап калса, анда мындай мал курмандыкка жарабайт. Бирок бир бутунан аксап басууга жараса же бутунда жара же басылган эн тамгасы болсо, анда жарайт.

8. Курмандыкка чалына турган котур мал курмандыкка жарайт, бирок котурлугунун себебинен өтө арык болсо, андай жарабайт.

9. Курмандыкка чалына турган мал өтө алсыз болуп, курмандык чалына турган жерге өзү басып бара албаса, анда курмандыкка жарабайт.

10. Курмандыкка чалына турган мал көк мээ болуп, өзү тоюттана албаса, мындай мал да курмандыкка жарабайт, бирок өзү тоюттана алса, анда жарайт.

11. Курмандыкка чалына турган малдын жүнү кыркылган болсо, курмандыкка жарайт.

12. Курмандыкка чалына турган малдын жогоруда аталган кемчиликтеринин бирөөсү, аны сатып алгандан кийин пайда болсо, анда тартип мындай, эгерде курмандык чалуучу адам колунда жок болсо, ага ал малды союуга болот. Бирок курмандык кылуучу колунда бардар адам бөлөк мал алып курмандык кылууга тийиш.

Курмандык кылуунун убактысы. Курмандык айт намазы окулуп бүткөндөн кийин гана чалынат. Намаздан мурда чалынып калган болсо, ал курмандыкка өтпөйт жана ээси курмандык чалуу милдетинен кутулбайт. Курмандык чалуунун убактысы – үч күн. Тактап айтканда, Курман айттын 1-2-3-күндөрү.

Курмандык кылуу важиб болгон адам курман айттын үч күнүндө курмандык кыла албай калса, орточо койдун наркында садака берет. Ал эми ким курмандыкка мал сатып алып, бирок аны союга үлгүрбөй калса ошол малды садака кылат.

Курмандыкка союлган малдын терисин эмне кылуу керек? Эгерде кимдир бирөө курмандык малын өзү соё албай турган болсо жана мал союга адам жалдаган болсо, курмандыкка союлган малдын териси, эти сойгон акы катары берилбейт. Ал эми кимдир бирөө мал сойгон адамга малдын терисин берип койгон болсо, теринин наркын акчалай колунда жок адамдарга берип коюу керек.

Курмандык чалуунун адептери. Курмандыкка союулуучу малды саап жана жүнүн кыркууга болбойт. Эгерде ким саап сүтүн ичип койгон болсо, саалган сүттүн наркын садакага берип коюу керек.

Айт күнү курмандык чалуудан мурун айт намазы окулат. Быйыл айт намаздар жер-жерлердеги жума мечиттерде окулат.

Айт намазы эркиндиктеги адамга (абактагы адамга милдеттүү эмес, бирок, үй камагындагы адамга милдеттүү), ден соолугу чың болгон адамга (оорукчан адамга милдеттүү эмес), сапарда эмес адамга, эки көзү соо адамга (бир көзү көрүп, экинчи көзү көрбөгөн адамга да милдеттүү), эки буту соо адамга милдеттүү (өзү басып бара албаган адамга да айт намазы милдеттүү эмес).

Эми мына ушул улук Курман айт күнү кандай амалдарды аткаруу керек экендигине кыскача токтоло кетсек:

  • Айт күнү айт намазы окулуп бүткөнгө чейин оозго наар албоо, тамактанбоо зарыл;
  • Айттын түнү бою же жок дегенде ошол түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгүндө зикир чалуу, намаз окуу;
  • Өз мүмкүнчүлүгүнө жараша кайыр-садаканы демейдегиден көбүрөөк берүү;
  • Жолуккан ар бир мусулманга салам берип, айт майрамы менен куттуктоо.

Пикир

Оставить комментарий