• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аалымдар кеңешинин төрагалыгына Абдиманап Масалиев шайланды

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Аалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай Садиллаев ден соолугуна байланыштуу төрагалык кызматын тапшырып, ордуна Абдиманап Масалиев шайланды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-февралда VII чакырылыштагы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин 3-протоколук жыйынында Аалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай Садиллаев төрагалык кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, АК мүчөлөрү тарабынан арызы канааттандырылды.

Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирдиктүү добушу менен Масалиев Абдиманап Маликович Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Пикир

Оставить комментарий