• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Курултай же ушундай майда-барат маселени чече албаган Жогорку Кеңеш таркаш керек – делегат

Коом 0

Бишкек, 21.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Биз делегаттар эгер өзүбүздүн идеологиялык иштерди жасай албасак, курултай же ушул майда-барат маселени чече албаган Жогорку Кеңеш таркаш керек. Мындай пикирин III Элдик курултайга Жети-Өгүз районунан келген делегат Гүлайым Сейитказиева билдирди.

Анын айтымында, делегаттар мамлекеттин өнүгүшүнө башка тарабынан жардамдашышы керек.

“Жогорку Кеңеш, айыл өкмөттөр, акимчилик жана министрликтер чече турган маселелерди эки күндөн бери курултайдын делегаттары келип айтып отурабыз. Курултайдын шайланган делегаттары 1,2 күн менен чектелип калбай, кийинки курултайдын шайлоосуна чейин делегаттардын эл алдындагы милдеттери үчүн кызмат кылуусун туура деп эсептейм. Бирок, биздин багытыбыз башка, элдин духун, рухун көтөрүү багытында иш алып баруубуз зарыл”, - деди Гүлайым Сейитказиева.

Ошондой эле делегат сөзүнүн акырында курултайдын катышуучуларына кайрылып: "ал-күчкө толгон жаштарды жибергендин ордуна, бул жерде ак сакалдар келип отурасыңар. Бүркүттөй болгон балдарыңарды “тооканага” камап жатасыңар", - деди.

Пикир

Оставить комментарий