• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Курултайда Эмгек министрлигине делегаттардан 59 кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 21.12.24. /Кабар/. Бишкекте 20-21-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн III Элдик курултай өз ишин аяктады.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине делегаттардан 59 кайрылуу (38 оозеки жана 13 жазуу) келип түштү.

Жыйында көтөрүлгөн негизги маселелер тышкы миграция көйгөйлөрү, "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо тартиби, майыптыгы бар адамдарды колдоо, тактап айтканда, реабилитациялык борбор куруу, турак жай менен камсыз кылуу, "Келечекке салым" балдар депозитин алуу маселелери жана башка актуалдуу социалдык темалар болду.

Пикир

Оставить комментарий