• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Курултайда Кеминдеги жолдорду оңдоо жана таза суу менен камсыздоо маселеси айтылды

Коом 0

Бишкек, 21.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. III Элдик курултайда Кемин районундагы айылдар аралык жолдорду оңдоо жана элди таза суу менен камсыздоо маселелери көтөрүлдү.

Кемин районунун Орловка шаарынын делегаты Талгарбек Тентиевдин айтымында, Чоң-Кемин - Капчыгай, Боролдой - Ак-Түз жана Чым-Коргон - Орловка жолдорунун абалынын начардыгы тургундарга гана эмес, аймактагы туризмдин өнүгүүсүнө да тоскоол болууда.

“Орловка шаары менен Борду айылынын ортосундагы жол союз тарагандан оңдолгон эмес. Бул боюнча канча деген өкмөт башчыларына, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылганбыз, бирок маселе чечилген жок. Транспорт министрлигине да 10 жылдан бери көп ирет кайрылдык, тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин жол оңдоло элек”, - дейт Талгарбек Тентиев.

Ошондой эле делегат белгилегендей, Кемин району боюнча Орловка, Кемин шаарларында, Ак-Түз, Ильич, Жол-Булак, Алтымыш, Кара-Булак, Кичи-Кемин, Чым-Коргон, Самансур, Алмалуу, Кызыл-Суу, Борду айылдарында таза суу көйгөйү курч турат.

“Мисалы, Кичи-Кемин айылынын таза суу киргизүү боюнча 80 млн сомдук долбоордук-сметалык документтери даяр. Айыл эли ушуну республикалык бюджеттен каржылап берүүңүздөрдү суранууда”, - деди Тентиев.

Андан тышкары, Кемин аймактык ооруканасына жол кырсыктарынан жабыркагандар көп кайрылгандыктан магниттик-резонанстык томография (МРТ) орнотуу зарылдыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий