• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Курултайдын экинчи күнүндө Ички иштер министрлигине 20дан ашык кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 21.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. III Элдик курултайда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери делегаттар менен иш алып барууда.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов "Кабар" агенттигине билдиргендей, Элдик курултайдын экинчи күнүндө делегаттардан Ички иштер министрлигине 20дан ашык кайрылуу келип түштү.

“Бүгүн Элдик курултайдын делегаттарынан 20дан ашык кайрылуу келип түштү. Кайрылуулардын көбү жол коопсуздугу, коопсуз шаар, жол белгилери боюнча болууда. Учурда кайрылуулар боюнча ыкчам чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар берилип жатат. Ошондой эле териштирүүчү маселелер дагы бар. Аларды дагы териштирип, андан соң анын жыйынтыгы боюнча расмий маалыматтар берилет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий