Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайдын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бүгүн саат 18:00гө карата жалпы 51 кайрылуу түштү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, курултайдын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн кайрылуулардын басымдуусу аймактарды жана айдоо аянттарын сел-суулардан сактоо, дамбаларды куруу, кооптуу аймактарды коргоо, өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүн ачуу, көпүрө куруу жана башка маселелер болду.
Өз кезегинде министрликтин жетекчилиги бул кайрылууларды каттап алып, тиешелүү чечимдер кабыл алына турганын билдиришти.
Белгилей кетсек, курултайдын биринчи бөлүгүнө жалпысынан 689 делегат катышты. Эки күнгө созулган жыйын эртең, 21-декабрда улантылат.
Пикир
Оставить комментарий