Бишкек, 20.12.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайга катышкан делегаттардын жаш курагы айтылды.
Иш-чарага жалпы 700 делегат чакырылса, алардын 30 жашка чейинкиси 14, 30 жаштан 60 жашка чейинкиси 353, 60 жаштан 80 жашка чейинкиси 328ди түзөт. Ал эми 80 жаштан жогору 5 делегат шайланган. Делегаттардын арасында эң улуусу, кылымга тете жашаган 98 жаштагы Улукбек Эргешов.
“Жагымдуу жагдай. Арабызда Улукбек Эргешов деген чоң атабыз отурат. Чуй облусунун Сокулук районунан делегат болуп шайланган. Биздин аксакалыбыз кылым таяп жашап 98 жашка келген экен”, - деди мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кезектеги III Элдик курултай өтүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий