• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкектеги эки окуу жайдын айланасындагы тосмолор алынды

Коом 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин айланасындагы темир тосмолорун алышты.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин кайрылуусунун негизинде, ошондой эле шаар куруу жана архитектуралык иш чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий