Кут конушунда 100 үй-бүлөгө ылайыкталган соцшаарча курулат

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Кут конушунда 100 үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык шаарча курулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин өкүлү менен жолугушту.

Жолугушууда Кут конушунда калктын аялуу катмары үчүн социалдык шаарча куруу талкууланды. Социалдык шаарча 100 үй-бүлөгө ылайыкталып, 25 турак жай, 700 орундуу мектеп, 100 орундуу бала бакча, дарыгерлик-амбулатордук пунктун камтыйт.

Белгилей кетсек, буга чейин курулуш үчүн жер тилкеси аныкталган, учурда мамлекеттик акт таризделүүдө, андан кийин коомдук фонд тарабынан долбоор иштелип чыгып, тиешелүү шаардык кызматтарга макулдашууга жөнөтүлөт.

Маалымат үчүн: Кут конушу 2005-жылы негизделген, конушта 1 миң 500дөй адам жашайт, 550 үй курулган, Бишкектен 20 чакырым аралыкта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий