• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Куткаруучулар Ала-Бел ашуусунда карга тыгылып калган жүк ташуучу унааны чыгарышты

Кырсык 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бүгүн Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында Ала-Бел ашуусунда “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, карга тыгылып калган. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жүк ташуучу унаанын айдоочусу 112 номери аркылуу жардам сурап кайрылган.

Кайрылуу боюнча КР ӨКМнин ыкчам тобунунун 3 куткаруучусу “КаМАЗ” унаасы менен аталган оор жүк ташуучу унаага жардам көрсөтүп, кардан чыгарып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий