• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Нарынга арзандатылган баада 80 тонна шекер жана 40 миң литр май алып келинет

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Нарын облусуна материалдык резервден 65 сомдон кумшекер, 124 сомдон май алып келинет. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин аракети менен жакынкы күндөрдө Нарын облусуна килограммы 65 сомдон 80 тонна шекер, ошондой эле литри 124 сом 50 тыйындан 40 миң литр суу май алынып келинип, атайын уюштурулган жарманкелерде жана соода түйүндөрүндө өз баасында сатылат.

Бүгүн облус жетекчиси Нарын шаарындагы дүң соода кылган жеке ишкерлердин башын кошуп сүйлөшүп, мамлекеттик резервден берилип жаткан арзан баадагы азык-түлүктү алып келип элге арзан баада сатып берүүлөрүн өтүндү.

Ошондой эле ишкерлерди жер-жерлерде уюштурулган жарманкелерде дүң баада соода кылып, ушундай күндөрдө элге жардам берүүгө чакырды.

Жеке ишкер Чолпон Казалиева шекерге жол акысынан сырткары 1 сомдон кошуп, 70 сомдон сатып берээрин айтты.

Жолугушууда 19-март күнү Нарын шаарында азык-түлүк жарманкесин уюштуруу мерчемделди.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Нарын шаарындагы соода түйүндөрүндө 1 кил шекер 90-95 сомдон, 1 литр суу май 180 сомдон өйдө, ал эми бир кап ун 1800-2200 сомдон сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий