• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Талас облусундагы бардык мектеп жана бала бакчалар 10 күнгө карантинге жабылды

Аймак 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Талас облусундагы бардык мектеп жана бала бакчалар 10 күнгө карантинге жабылды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 13-декабрда саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча облустук Координациялык кеңештин жыйыны болуп, эпидемиологиялык абал талкууланды.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, жыйындын жыйынтыгында инфекциялык оорулардын жайылып кетишин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында 14-декабрдан 24-декабрга чейин облустагы бала бакчаларды жана мектептерди карантинге жабуу боюнча чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий