• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто тогуз коргоол боюнча шаар биринчилиги өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Ош шаарында 9-10-сентябрь күндөрү улуттук тогуз коргоол оюну боюнча ачык чемпионат өтүп, анда мектеп окуучулары, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери күч сынашты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Спорттук иш-чаранын алкагында Ош шаарынын спортчусу Куштар Камил уулуна улуттук оюн боюнча “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” наамы ыйгарылды.

Мелдешке жалпысынан 120дан ашуун адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий